Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-январы № 223-VI Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул маселе боюнча 2015-жылдын 22-июлундагы № 513 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пенсиялык төлөмдөрдүн натыйжалуулугуна тиешеси бар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өткөрүлгөн карыздарды толук көлөмдө чогултууну жакшыртууга жетишсин;
- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү реалдуу тастыктоону камсыз кылсын.
Төраганын орун басары
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтомуПостановление · 22.07.2015 · № 513 · Күчүн жоготкон