# КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 169-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 169-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8915/edition/701443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 169-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу" токтому (13.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76862

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-январы № 169-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4960-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык кийинкиге калтырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (Н.К.Макеев) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү маселесин карасын.

Төрага

А. Жээнбеков
