# КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 127-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 127-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127-VI
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8877/edition/699230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76824.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 127-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76824

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 127-VI "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 1-декабрындагы № 812 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

республикалык бюджетке кирешелердин толук келип түшүүлөрүн камсыздоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын; төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- "Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коопсуздугу" Мамлекеттик программасын ишке ашырууну;

- табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүүнү жана бекер бир жолку жардам көрсөтүүнү;

- калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууну каржылоону;

- сот тутумун толук каржылоону;

- "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2230-V токтомун ишке ашырууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.

Төрага

А. Жээнбеков
