# КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 158-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 158-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158-VI
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8867/edition/694632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 158-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (31.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76814

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 31-декабры № 158-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко, А.О.Кутушев, А.Г.Бекматов, Ч.А.Турсунбеков, Э.А.Кочкарова, М.Ю.Абдылдаев, М.А.Расулов, Н.А.Касымбеков, М.И.Бакиров, Т.Мадылбеков, У.К.Нуркулов жана Н.М.Мурашев тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети (Г.А.Скрипкина) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
