# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 26-июндагы №1950-III 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 26-июндагы №1950-III 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1950-III
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8814/edition/683588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 26-июндагы №1950-III 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө" токтому (26.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76743

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 26-июну № 1950-III 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө

Жалалабат областынын Ноокен айыл өкмөтүнүн, депутаттардын Ноокен райондук кеңешинин 2006-жылдын 12-октябрындагы № 4 жана 2007-жылдын 30-мартындагы № 1 чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан жогоруда аталган айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер берүү жөнүндө кайрылуусун эске алып жана аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1994-жылдын 14-январындагы № 1422-XII "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер белгиленсин

2. Жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба субъектилери менен кайра эсептешүүлөрдү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жүргүзүүнү камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу чарба департаментине милдеттендирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

М. Султанов
