# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 21-декабрындагы №2-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 21-декабрындагы №2-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2-IV
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8733/edition/683426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 21-декабрындагы №2-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (21.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76661

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 25-декабры № 2-IV Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:

1) убактылуу эсептөө комиссиясын шайлоо;

2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча убактылуу комиссияны шайлоо;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү;

6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү;

7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин мүчөлөрүн бекитүү;

8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо.

Жыйналышта төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Б.Акунов
