# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2048-III "2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2048-III "2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2048-III
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8713/edition/687215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2048-III "2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо киргизүү жөнүндө" токтому (02.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76640

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 3-октябры № 2048-III 2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 5-пунктун, 46-статьясынын 6-пунктунун 2-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2007-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 410 "Кыргыз Республикасында референдум" (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2007-жылдын 21-октябрына, жекшембиге дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы заемдорун канааттандырарлык эмес пайдалангандык үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан кабыл алынышы үчүн кошумча чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.

Төрага

М.Султанов
