# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы № 2016-III "Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлер жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы № 2016-III "Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлер жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2016-III
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8684/edition/683322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы № 2016-III "Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлер жөнүндө"токтому (18.09.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 18-сентябры № 2016-III Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1-главасын конституциялык эмес жана 2003-жылдын 2-февралындагы референдум менен кабыл алынып, 2003-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган, 1993-жылдын 5-майында он экинчи чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин он экинчи сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 3 жана 5-пункттарына, 7 жана 12-статьяларына, 22-статьясынын 2-пунктуна, 58 жана 96-статьяларына ылайык келбейт деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жумалык мөөнөттө көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.

Төрага

М.Султанов
