# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №2009-III "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №2009-III "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2009-III
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8677/edition/683308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №2009-III "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө" токтому (04.09.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76602

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 4-сентябры № 2009-III Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-статьясынын 5-пунктуна ылайык мыйзамдарды, мамлекеттик башкаруу органдарынын чечимдерин жана өз чечимдерин түздөн-түз ишке ашыруу максатында жергиликтүү кеңештер өздөрүнө отчет берүүчү аткаруу органдарын түзөт. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын жетинчи абзацына ылайык айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары болуп саналат. Мына ушуга байланыштуу дайындалган айыл өкмөт башчыларын шайлоо колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет. Жогоруда баяндалганга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2007-жылдын 24-июлундагы УП N 350 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жокко чыгаруу сунуш кылынсын.

Төрага

М.Султанов
