Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине акчалай сыйлык берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 3-сентябры № 2005-III Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине акчалай сыйлык берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгынын 16 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, Иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине бир айлык эмгек акы өлчөмүндө (маяна, үстөктөр жана сыйакылар) акчалай сыйлык берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2007-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кийин өзгөртүүлөр киргизүү менен кошумча каражаттарды бөлүп берсин.
3. Акчалай сыйлыкты эсептөөнү, чегерүүнү жана төлөп берүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасына (А.Абдумомунов) тапшырылсын.
Төрага
М.Султанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 28.04.2007 · № 46