# КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 100-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 100-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100-VI
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8641/edition/693178/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 100-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (10.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76566

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 10-декабры № 100-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 1-сентябрындагы № 615 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" ("Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (Ж.А.Бакчиев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
