Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 9-декабры № 86-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
С.Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы;
А.Б.Баатырбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
М.А.Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
А.А.Касымалиев - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
С.Т.Муканбетов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөр таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине (С.Шер-Нияз) жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттуулордун жана аларга тенештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик…Закон · 21.08.2004 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон