Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 3-декабры № 82-VI "2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 25-июнундагы № 413 токтому) "2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 25 июня 2015 года № 413 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Соглашения о защите участников уголовного судопроизводства…Постановление · 25.06.2015 · № 413
- 2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралууЗакон · 23.01.2016 · № 11