# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 60-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 60-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60-VI
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8610/edition/691024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 60-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (26.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76535

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 26-ноябры № 60-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 20-июнундагы № 505 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылсын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков
