Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 26-ноябры № 60-VI "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 20-июнундагы № 505 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылсын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.