# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39-VI
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8593/edition/1065867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (19.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76518

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 19-ноябры № 39-VI Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 1-мартындагы № 1368-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 1999-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI, 2021-жылдын 19-майындагы № 4570-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык) Активдүү парламенттер аралык кызматташтыкка аракеттенип жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына төмөнкү депутаттар курамында болгон Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы түзүлсүн:

Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы; Айдаров Салайдин Абдираевич; Баймуратов Калдарбек Шакирович; Зулпукаров Төрөбай Закирович; Исмаилов Уланбек Чекишевич; Момбеков Рыскелди Чыныбекович; Райымкулов Бактыбек Кемелбекович; Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович. (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 1-мартындагы № 1368-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 1999-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын төмөнкү туруктуу комиссияларына жиберилсин:

укук маселелери жана эл аралык маселелер боюнча комиссиясына - Зулпукаров Төрөбай Закирович, Баймуратов Калдарбек Шакирович; социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясына - Момбеков Рыскелди Чыныбекович, Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович; экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга - Райымкулов Бактыбек Кемелбекович, Айдаров Салайдин Абдираевич; айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияга - Исмаилов Уланбек Чекишевич. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-мартындагы № 1368-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1999-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Парламенттик делегация бүткөрүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалыматтап турсун.

Төрага

А. Жээнбеков
