# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37-VI
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8591/edition/1072158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (03.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76516

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 19-ноябры № 37-VI Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1857-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI, 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI, 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык) Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, ЕККУнун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

- Өмүркулов Иса Шейшенкулович;

- Төрөбаев Бакыт Эргешевич;

- Абдылдаев Мыктыбек Юсупович;

- Туманбаева Рада Мураталыевна.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1857-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI, 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI, 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1.1. Өмүркулов Иса Шейшенкулович парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомунун редакциясына ылайык)

1.2. Иманалиев Каныбек Капашевич парламенттик делегациянын башчысынын орун басары болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

Төрага

А. Жээнбеков
