# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8584/edition/1066027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому (03.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 6-ноябры № 19-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 548-VI, 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 889-VI, 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103- VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1965-VI, 13 декабря 2017 года № 2094-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI, 2018-жылдын 13-июнундагы № 2483-VI, 2018-жылдын 20-июнундагы № 2505-VI, 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI 2021-жылдын 3-июну № 4632-VI токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкү депутаттар шайлансын:

К.К.Керезбеков - КСДП депутаттык фракциясынан, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына;

Т.И. Икрамов – «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагалыгына;

Н.К.Алимбеков - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагалыгына;

Г.С.Молдобекова - КСДП депутаттык фракциясынан, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагалыгына;

К.Ж.Рыспаев - КСДП депутаттык фракциясынан, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгына;

М.Э.Мавлянова - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагалыгына;

С.А.Айдаров - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына;

Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына;

Н.В.Никитенко - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагалыгына.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 548-VI, 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 889-VI, 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103- VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1965-VI, 13 декабря 2017 года № 2094-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI, 2018-жылдын 13-июнундагы № 2483-VI, 2018-жылдын 20-июнундагы № 2505-VI, 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI 2021-жылдын 3-июну № 4632-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө"; 2014-жылдын 29-майындагы № 4107-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.В.Никитенкону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагалыгына шайлоо жөнүндө"; 2015-жылдын 15-январындагы № 4685-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.А.Сакебаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына шайлоо жана 2012-жылдын 11-январындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 1491-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".

Төрага

А. Жээнбеков
