# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8583/edition/1124902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому (12.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76508

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 6-ноябры № 14-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 комитети.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети; Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети; Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети; Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети; Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети; Бюджет жана финансы боюнча комитети; Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө"; 2012-жылдын 11-январындагы № 1468-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу; 2012-жылдын 2-февралындагы № 1586-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу; 2012-жылдын 22-февралындагы № 1653-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"; 2012-жылдын 14-мартындагы № 1730-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"; 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу; 2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2458-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу.

Төрага

А. Жээнбеков
