# КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 12-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 12-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12-VI
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8581/edition/712201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 12-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (13.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76506

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 12-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына; Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына; Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына; Кудайбердиева Гульмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына; Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызматына; Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына; Турганбаев Мелис Токтомамбетович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына; Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына; Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына; Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматына; Бекбоев Турдуназир - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматына; Малабаев Аргынбек Джумабекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына; Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына; Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына; Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына; Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына; Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызматына; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын кызматы - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын кызматы - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5057-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
