# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11-VI
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8580/edition/712209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому (13.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76505

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 11-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети.

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен; Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министринен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5056-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков
