# КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10-VI
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8579/edition/712225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (13.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76503

---

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 10-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариев тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5055-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
