# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5389-V
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8567/edition/671297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (26.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76490

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 26-июну № 5389-V Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Мыйзам долбоорлорун жол-жоболоштурууда мыйзам чыгаруу техникасынын каражаттарын, эрежелерин жана ыкмаларын пайдаланууда бирдейликти сактоо жолу менен мыйзам актыларынын жогорку сапатын камсыз кылуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама бекитилсин (тиркелет).

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иши мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышкан кызматкерлерди мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускаманы колдонууга окутуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чараларын кабыл алсын.

4. "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Б. Мамырова
