# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5404-V "2014-жыл үнүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5404-V "2014-жыл үнүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5404-V
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8566/edition/671295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5404-V "2014-жыл үнүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы тууралуу" токтому (29.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76489

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну № 5404-V 2014-жыл үнүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктуна ылайык 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөндөгү чараларды кабыл алуу сунуш кылынсын:

бардык соттордо жарандарды туруктуу кабыл алууну жана даттануулар менен арыздарды объективдүү кароону камсыз кылуу боюнча; бекем тартиптүү, жогорку жоопкерчиликте, судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин өз ишин баалоодо өзүн-өзү сын көз менен кароону жана талап кое билүүнү камсыз кылуу боюнча; "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программанын алкагында каралган иш-чараларды толук жана өз учурунда аткаруу боюнча; "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча.

Төрага

А. Жээнбеков
