# КР Президентинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5406-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5406-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5406-V
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8517/edition/881331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5406-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (26.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76439

---

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну № 5406-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Мыктыбек Арстанбектин жана Калыйбек Шаршеналиевич Асылбашевдин жеке өтүнүчтөрү боюнча ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

он алтынчы жана он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К. Осмоналиев) жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров
