Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына депутат М.И.Бакировду шайлоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 ноября 2015 года № 26-VI "Об избрании заместителей председателей комитетов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-11-12.
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 908-V Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны окутуп-үйрөтүү практикасына жайылтуу боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү максаттарында жана республиканын жогорку окуу жайларында кыргыз тили менен адабияты сабагын окутуп-үйрөтүүнүн кыскартылышы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптөгөн кайрылууларын жана каалоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- жогорку окуу жайларында кыргыз тили менен адабияты сабагын окутуп-үйрөтүү сааттарынын көлөмүн бирдиктүү тартипке келтирсин;
- жогорку окуу жайларында орус мектебин бүтүргөндөр үчүн кыргыз тили менен адабияты сабагына жана кыргыз мектебин бүтүргөндөр үчүн орус тили менен адабияты сабагына окутуп-үйрөтүүнүн практикасын кайра карасын жана кыргыз тили менен адабияты сабагын милдеттүү катары Мамлекеттик билим берүү стандартына киргизсин;
- башталгыч жалпы билим берүүнү аяктоодо, ошондой эле абитуриенттерди жалпы республикалык тесттен өткөрүүгө кыргыз тили менен адабияты сабагы боюнча милдеттүү экзамен киргизилсин;
- негизги жалпы жана орто окуу жайларында орто жалпы билим берүүнү аяктоодо мамлекеттик тилде кыргыз класстары үчүн сочинение жана орус класстары үчүн изложение милдеттүү киргизүү боюнча маселени карасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 26-VI
- КР Жогрку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 908-V "Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2011 · № 908-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон