# Постановление Жогорку Кенеша КР от 24 июня 2015 года № 5290-V "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5290-V
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8475/edition/666043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Жогорку Кенеша КР от 24 июня 2015 года № 5290-V "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях" (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76397

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 24-июну № 5290-V "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 15-апрелиндеги № 214 токтому) "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В.Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Ч. Султанбекова
