# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 27-майындагы № 5134-V "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 27-майындагы № 5134-V "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5134-V
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8261/edition/651923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 27-майындагы № 5134-V "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому (27.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 27-майы № 5134-V "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурда кабыл алынган чечимдерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1994-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттору бар 60 жаш куракка чыккан жарандардын арасында паспортторун Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна акысыз негизде алмаштыруунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн; Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторун Кыргыз Республикасынын жаранынын 2014-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна акысыз алмаштыруу боюнча чаралардын комплексин 3 айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кабыл алсын; өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтомуна ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров
