# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4965-V "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4965-V "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4965-V
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8237/edition/650377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4965-V "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө" токтому (09.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76158

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 9-апрели № 4965-V "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 25-декабрында № 725 токтому) "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С.Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
