# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5130-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5130-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5130-V
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/76121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8200/edition/645932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/76121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5130-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө"токтому (21.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/76121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 21-майы № 5130-V Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына талапкерлерди көрсөткөн сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр 7 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлансын:

Абдиев Курмантай; Саалаев Жедигер Ибраимович.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

Төрага

А. Жээнбеков
