# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1898-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1898-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1898-III
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8061/edition/632354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1898-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө" токтому (19.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75981

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 19-июну № 1898-III Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин: "Бишкек шаарында 2007-жылдын 15-майында кол коюлган "Ош-Иркештам жолун реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу"; "1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу"; "Токтогул гидроэлектростанцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төрага

М. Султанов
