# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1897-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1897-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1897-III
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8058/edition/632762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1897-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" токтому (19.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75978

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 19-июну № 1897-III Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине (А.Э.Момункулов):

- анын альтернативдүү варианттарын, салык салууга тиешелүү мыйзам долбоорлорун, ошондой эле башка сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аларды парламенттик угууларда талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 31-мартындагы № 212 токтом) Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйындар жөнүндө кодексинин долбоорун жеткире иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйындар жөнүндө кодексинин жеткире иштеп чыгылган долбоорун 2007-жылдын сентябрь-октябрында парламенттин кароосуна киргизүү тапшырылсын.

Төрага

М. Султанов
