Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Реепубликасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 1-апрели № 4933-V «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Реепубликасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 16-октябрындагы № 601-токтому) «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Э.А. Сакебаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-октябрындагы № 601 "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 16.10.2014 · № 601 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 256 · Күчүн жоготкон