# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-мартындагы № 4896-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-мартындагы № 4896-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4896-V
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-8017/edition/627431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-мартындагы № 4896-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу" токтому (12.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75936

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 12-марты № 4896-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 16-июнундагы № 334 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо токтотулсун жана экинчи окууда кароонун жол-жоболоруна кайтарылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 4426-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
