# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Топтолгон фондусун түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/759)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 28-майындагы № 1553-XII "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1553-XII
- Кабыл алынган күнү: 28.05.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-723/edition/719436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/759/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө, 4-статья (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-4

---

1. Казыналык Кыргыз Республикасынын Топтолгон фондусун түзөт (мындан ары Топтолгон фонд деп аталат) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бардык кирешелери менен түшкөн каражаттары Топтолгон фондуга жөнөтүлөт. Республикалык жана жергиликтүү уюмдардын бардык эсептешүү операциялары Топтолгон фондудан жүзөгө ашырылат.

2. Топтолгон фондунун акча ресурстары Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы бир счетунда болот (мындан ары Казыналыктын счету деп аталат). Казыналык Социалдык фонд сыяктуу мамлекеттик максаттуу ири фондуларга төлөөлөрдү жана түшкөн каражаттарды тейлөө үчүн Улуттук банкта учурдагы кошумча счетторду ачууга укуктуу.

Мындай кошумча счеттордогу калдыктар Топтолгон фондунун ажырагыс бөлүгү катары каралат, жана аны эсепке алуу Топтолгон фондунун тутумунда жүргүзүлөт. Казыналык ушундай кошумча счетторду түзүүнү өзгөчө учурларда гана камсыз кылат.

3. Уюшулганынан кийинки алты ай бою, Казыналык коммерциялык банктарда жана Кыргызстандын улуттук банкында турган республикалык жана жергиликтүү бюджеттеги мекемелердин улуттук валютадагы банктык счетторунун бардык түрүн жабууну аяктайт. Ушул счеттордогу калдыктар Казыналыктын счетуна которулат. Ушул жободон тышкаркы ар кандай иштер мамлекеттин кызыкчылыгында Казыналыктын ырастоосун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин жактыруусун талап кылат.

4. Казыналык бюджеттик уюмдардын валюталык бардык счетторун да жабат жана ал ресурстар Топтолгон фондуга жөнөтүлөт.

5. Топтолгон фондуну башкаруу Казыналыктын гана укугу болуп эсептелет. Казыналык Топтолгон фондунун тутумуна кирген Казыналык счеттун жана кошумча счеттордун да ээси болуп эсептелет. Кыргызстандын Улуттук банкы, башка мекеме же жак Казыналыктын буйругусуз ушул счеттор боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуксуз.

6. Республикалык же жергиликтүү бир дагы бюджеттик мекеме Казыналык иштеп чыккан жетекчиликке алынуучу Жобого такма-так ылайык келген жагдайлардан башка учурларда Топтолгон фондунун каражаттарын алууга укуксуз.

III Глава Банктык тейлөө системасы

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-5)
