# 11-статья. Мамлекеттик карызды жана күтүлбөгөн милдеттенмелерди башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/759)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 28-майындагы № 1553-XII "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1553-XII
- Кабыл алынган күнү: 28.05.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-723/edition/719436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/759/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө, 11-статья (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-11

---

1. Казыналык кредиттерге катыштыруунун жана берүүнүн бардык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министринин жетекчилиги менен чечим кабыл алуучу бирден-бир орган катары чыгат. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ички жана тышкы карыздарынын башкарылышына жооп берет, карыздык милдеттенмелер боюнча төлөөлөрдү жүзөгө ашырууну чечет жана төлөөлөрдү эсепке алат, ошондой эле мамлекеттик бардык гарантияларды жана күтүлбөгөн милдеттенмелерди башкарат.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине же ал ыйгарым укук берген органга заемдук каражаттарды алуу жана кредиттерди берүү боюнча контракттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга укук берилет.

3. Казыналык бардык документтерди түп нускада жүргүзөт, заемдук каражаттарга катыштыруу, кредиттерди берүү боюнча бардык макулдашууларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күтүлбөгөн милдеттенмелерин кошо каттап турат.

4. Бир дагы уюмга же жеке адамга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан заемдук каражаттарды, кредиттерди алууга же кредит берүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин (Казыналыктын) алдын ала өзгөчө жактыруусусуз ар кандай агенттин ортосунда ушундай операцияларды колдоо үчүн өкмөттүк гарантияны камсыз кылуу боюнча милдеттенме алуу укугу берилбейт.

5. Казыналык Кыргызстандын Улуттук Банкы менен тыгыз кызматташтыкта өкмөттүк баалуу кагаздардын эмиссиясын жөнгө салат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-12)
