# 10-статья. Мамлекеттик түшкөн каражаттарды көзөмөлдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/759)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 28-майындагы № 1553-XII "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1553-XII
- Кабыл алынган күнү: 28.05.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-723/edition/719436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/759/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө, 10-статья (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-10

---

1. Казыналык иштеп чыккан жободо каралгандардан башка учурларда, чынында эле мамлекетке тийиштүү улуттук жана чет өлкөлүк валютада түшкөн бардык кирешелер - салык, салык эмес, бюджеттик, бюджеттен тышкаркы, мезгилдүү же бир жолку, максаттуу фондуга чегерүү, трансферттер, кредиттик фондулар жана башка мамлекеттик ар кандай кирешелердин түрлөрү Топтолгон фондуга дароо жана толук бойдон жөнөтүлөт (кредиттелет). Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан Топтолгон фондуга мамлекеттик кирешелердин түшүшүн атайлап кечиктирүүгө тыюу салынат.

2. Казыналыктын Жобосунда мамлекеттик кирешелердин Топтолгон фондуга түшүү жана түшкөн бардык каражаттардын эсебин алуу механизми бекитилет.

3. Казыналык республикалык бюджет жөнүндөгү жана ар кандай бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу башка мыйзамдарга ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктык кирешелердин бөлүштүрүлүшүнө жоопкер.

4. Казыналык иштеп чыккан мыйзамдарда же жоболордо каралгандан башка учурларда мамлекеттик кызматкердин бирөө да чыгымдардын ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууда мамлекеттик кирешени жумшоого акысыз.

V Глава Карызды жана активдерди башкаруу

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-11)
