# 1-статья. Кыргыз Республикасынын Казыналыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/759)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 28-майындагы № 1553-XII "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1553-XII
- Кабыл алынган күнү: 28.05.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-723/edition/719436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/759/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө, 1-статья (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-1

---

1. Казыналык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Аны директор жетектейт. Казыналык Борбордук казыналыктан жана анын Бишкек шаарындагы, облустардагы жана райондордогу региондук бөлүмдөрдөн турат. Финансы министри Казыналыктын жайгашкан ордун, штаттык расписаниесин жана региондук бөлүмдөрүнүн санын аныктайт. Казыналыктын региондук бөлүмүн Казына башчысы жетектейт.

2. Казыналыктын директору, Борбордук казыналыктын бардык кызматкерлери жана региондук бөлүмдөрдүн бардык башчылары Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан дайындалат. Казыналыктын системасынын бардык чыгашалары республикалык бюджеттен финансыланат.

3. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү Борбордук казыналыкка отчет берет жана Казыналыктын Борбордук Башкармасынын түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Алар жергиликтүү коммерциялык банктар менен тыгыз байланышта болуп, Борбордук казыналыктын көрсөтмөсүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташтыкта иштейт.

4. Борбордук казыналыктын жана анын региондук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгы деген жазуусу бар мөөрү болот.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/759/st-2)
