Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Боронбай бийдин 235 жылдык мааракеси жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 4-марты № 4866-V Боронбай бийдин 235 жылдык мааракеси жөнүндө 2015-жылы Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Боронбай бийдин туулган күнүнө 235 жыл толот. "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын биринчи абзацын жетекчиликке алып, муундардын тарыхый эс тутумун сактоо жана кыргыз элинин тарыхында эл аралык мамилелерди орнотууга негиз салгандардын бири, коомдук жана саясий ишмер кыргыз элинин даңктуу улуу Боронбай бийдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында, ошондой эле кыргыз элинин жаш муунун тарбиялоого жана элдин биримдигин чыңдоого салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2015-жылы жалпы улуттук маанидеги мааракелик иш-чаралардын тизмегине Боронбай бийдин 235 жылдык мааракесин өткөрүүнү киргизсин; аталган мааракелик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзсүн, иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана 2015-жылга республикалык бюджетте тиешелүү финансы каражаттарын карасын; 235 жылдык мааракеге карата Боронбай бийдин скульптурасын орнотсун; Боронбай бийдин өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө теле-радио берүүлөрдү уюштурсун жана жалпыга маалымдоо каражаттарына материалдарды жарыяласын; ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кабыл алынган иш-чаралар жөнүндө маалымдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Боронбай бийдин 235 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чара көрүүнү сунуштасын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Н.В.Никитенко) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндөЗакон · 11.06.2007 · № 82 · Күчүн жоготкон