# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4865-V "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4865-V "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4865-V
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7970/edition/624631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4865-V "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (05.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-марты № 4865-V "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ч.Айтматова, К.Э.Осмонов, Д.Д.Бекешев, Ж.Р.Сапарбаев жана Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети (Т.Т.Туманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
