Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» жана «Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 4-марты № 4844-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
Мадалиев Н.А. - Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү; Текебаев Ө.Ч. - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси; Абдылдаев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү; Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Лаврова О.В. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Касиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдында башкаруу иштери жана этностордун ортосундагы мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Б. Мамырова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5011-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4844-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 23.04.2015 · № 5011-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5012-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4844-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 23.04.2015 · № 5012-V
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон