Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, «Нотариат жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө», «Ички миграция жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Жарандык абал актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 12-февралы № 4787-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Жарандык абал актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Жарандык абал актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В.Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 11
Шилтеме берет (2)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралууЗакон · 17.06.1999 · № 59
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- Сингапур шаарында 2006-жылдын 28-мартында кол коюлган Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими ратификациялоо тууралуЗакон · 05.04.2008 · № 51
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон