# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4773-V "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4773-V "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4773-V
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7894/edition/619948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4773-V "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому (11.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75812

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 11-февралы № 4773-V Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчету тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 458 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;

- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча реалдуу пландык көрсөткүчтөрдү белгилөөнү камсыз кылсын.

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров
