# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы №4732-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы №4732-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4732-V
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75720>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7802/edition/610511/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75720.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы №4732-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому (29.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75720

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-январы №4732-V Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 9-июлундагы № 384-токтому) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду биргелешкен токтом менен бекитсин, анда Кыргыз Республикасынын айрым региондорун тийиштүү банк жабдуулары менен толук камсыз кылуу жөнүндө меморандумдун пункттарын аткаруу мөөнөттөрүн, ошондой эле меморандумдун шарттарын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын.

Төрага

Б. Мамырова
