# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы № 1848-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы № 1848-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1848-III
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75705>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7787/edition/609716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75705.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы № 1848-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" токтому (15.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75705

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 15-майы № 1848-III Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын бешинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:

К.С.Исабеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;

А.Марипов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;

Э.Төрөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комиссиясынын төрагасы;

А.А.Абдуллаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

С.В.Попов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

А.М.Темирбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси;

Ж.М.Борбодоев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусунун орун басары;

А.Ж.Салянова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана сот-укук реформасы боюнча бөлүмүнүн башчысы;

О.Суранов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы.

2. Комиссия келип түшүүчү материалдарды карасын жана Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү үчүн Комиссиянын материалдарын жалпылоону, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган адамдарды эсепке алууну жана каттоону жүргүзсүн.

Төрага

Т.Сарпашев
