# КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4687-V "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4687-V "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4687-V
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75678>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7761/edition/608948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75678.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4687-V "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75678

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 21-январы № 4687-V Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктун жана 125-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековнаны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
