Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президеитинин каршы пикири менен кайтарылып берилген „Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-декабры № 4586-V Кыргыз Республикасынын Президеитинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламента жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 8-октябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президеитинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
Торобеков Н.Н. - Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен макулдашуу тобунун тең төрагасы; Абдылдаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Президеитинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинен макулдашуу тобунун терагасы; Уөрөбаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечиси; Дуйшембиев Р.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Б. Баатырбеков) жүктөлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөЗакон · 03.03.2015 · № 45 · Күчүн жоготкон