# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4576-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4576-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4576-V
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7683/edition/604937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4576-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому (10.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75600

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-декабры № 4576-V Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясы тарабынан шайланган төмөндөгү мүчөлөрү бекитилсин:

Кадыров Панайдин Саймидинович; Мукамбетов Жээнбек Батталиевич; Момбеков Урматбек Байисбекович; Юсупов Алишер Шавкатбекович.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөп тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
