# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4580-V "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4580-V "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4580-V
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7671/edition/604929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4580-V "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (11.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75586

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-декабры № 4580-V "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-майындагы № 258 токтому) "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

республикалык бюджетке кирешелердин толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын; төмөндөгү чараларды кабыл алсын:

- бюджеттик каражаттарды максатсыз, натыйжасыз жана негизсиз пайдалануунун алдын алуу боюнча;

- 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде белгиленген, финансылык бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине карата;

- акциялардын мамлекеттик пакетине түшкөн дивиденддердин республикалык бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылуунун механизмин иштеп чыгуу, алардын толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн мониторинг жүргүзүү боюнча;

- мамлекеттик баалуу кагаздарды пайдалануунун максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен аларды чыгарууну чектөө боюнча;

- бюджеттик маселелерди жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды бекем сактоо боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде аныкталган бюджеттик каражаттарды толук калыбына келтирүү боюнча;

- салыктык карыздарды кыскартуу боюнча;

- финансылык жөнгө салууга тийиштүү белгиленген нормативдерди тескөөнү күчөтүү боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөндөгүлөр боюнча аудит жүргүзсүн:

- 2013-2014 жылдар үчүн Токтогул ГЭС каскадынан иштелип чыккан электроэнергиясынын каскаддан чыккан суу ресурстарынын көлөмүнө дал келүүсүн;

- ташылып чыккан алтын кен концентраттарынын республикалык бюджеттин кирешесине түшүүсүнүн 2013-2014-жылдар үчүн аны импорттоонун көлөмүнө ылайык келүүсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет^кзда финансы боюнча комитетке жүктөлсүн.

Төрага

А.Жээнбеков
