Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-декабры № 4580-V "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-майындагы № 258 токтому) "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
республикалык бюджетке кирешелердин толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын; төмөндөгү чараларды кабыл алсын:
- бюджеттик каражаттарды максатсыз, натыйжасыз жана негизсиз пайдалануунун алдын алуу боюнча;
- 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде белгиленген, финансылык бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине карата;
- акциялардын мамлекеттик пакетине түшкөн дивиденддердин республикалык бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылуунун механизмин иштеп чыгуу, алардын толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн мониторинг жүргүзүү боюнча;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды пайдалануунун максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен аларды чыгарууну чектөө боюнча;
- бюджеттик маселелерди жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды бекем сактоо боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде аныкталган бюджеттик каражаттарды толук калыбына келтирүү боюнча;
- салыктык карыздарды кыскартуу боюнча;
- финансылык жөнгө салууга тийиштүү белгиленген нормативдерди тескөөнү күчөтүү боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөндөгүлөр боюнча аудит жүргүзсүн:
- 2013-2014 жылдар үчүн Токтогул ГЭС каскадынан иштелип чыккан электроэнергиясынын каскаддан чыккан суу ресурстарынын көлөмүнө дал келүүсүн;
- ташылып чыккан алтын кен концентраттарынын республикалык бюджеттин кирешесине түшүүсүнүн 2013-2014-жылдар үчүн аны импорттоонун көлөмүнө ылайык келүүсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет^кзда финансы боюнча комитетке жүктөлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралууЗакон · 14.01.2015 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 13.05.2014 · № 258 · Күчүн жоготкон